Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында кимдер ырдайт? Тизме

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына карата кыргыз жана чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Концерт Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында “дрондордун шоусу” менен башталат. Кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, орусиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid өзүнүн балет тобу менен кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашат. Ал эми концерттин соңунда Орусияда жылдызы жанган кыргызстандык Амирчик ырдайт.
Майрамдык концерт саат 20:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында башталат.