Бүгүн Бишкекте «Музейдеги түн» иш-чарасы өтөт

Бүгүн, 18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын музейлеринин эшиктери бардык шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ачык болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Келген конокторго көрүнүктүү инсандардын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу экскурсиялар сунушталат жана кызыктуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо жана прикладдык искусство: түстүү жүндөн, кийизден, көлөмдүү топтордон жасалган буюмдар, кагаздан гүлдөрдү жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Сиздерди төмөнкү музейлерге чакырабыз:

— Тыныстанов көчөсү, №108 дареги боюнча Ольга Мануилованын мемориалдык үй-музейи, тел. 66 11 74;
— Тыныстанов көчөсү, 78 дареги боюнча Гапар Айтиевдин музей-устаканасы. тел. 62 31 66;
— Чуйков көчөсү, 87 дареги боюнча Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, тел. 30 33 64;
— Чуйков көчөсү, 109 дареги боюнча Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи, тел. 30 03 57.