Бүгүн Москвада Орусиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен Жаңы жылдык гала-концерт өтөт

Бүгүн, 15-январда Москвада мамлекеттик Кремль сарайында Орусиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен Жаңы жылдык гала-концерт өтөт. Ал өнөктөш өлкөлөрдүн жана боордош элдердин катышуусунда достук мамилени бекемдөө максатында уюштурулуп жатат.
Концертте Кыргызстан, Өзбекстан, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн эң атактуу артисттери чыгармаларын тартуулашат. Программада бир топ жылдар бою хит болгон ырлар аткарылып, көрүүчүлөр үчүн жагымдуу сюрприз боло турган белгилүүлөрдүн дуэттери орун алат.
Гала-концерттин артисттери: Озода Нурсаидова, Жеңишбек Жумакадыр, Мирбек Атабеков, Дөөлөт Сыдыков, Нурчолпон, Светлана Назаренко, «Akcent» тобу, Рэй Хортон, Нарек Бавеян, Зарина Тилидзе, Алла Духованын «ТОДЕС» шоу-балети, кыргыз улуттук «Шайыр апалар» хору, «Улуу көч» фольклордук оркестри, Тимур Кожобеков, Байсал Изабеков жана башкалар.
Гала-концерттин коноктору: Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Денис Гайворонский, Чолпонбек Акматов, Жумадыл Эгембердиев, Эдуард Кубатов, Асель Сыдыкова, Сайкал Асылбекова, Чолпонбек Жумашүкүров.