Бүгүн Тарых музейинин алдында 12 хор коллективи гала-концерт тартуулайт

Бүгүн, 24-майда саат 18:00дө Улуттук тарых музейинин алдында Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер Султан Юсуповдун 105 жылдыгына карата студенттик хор коллективдери II республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, гала-концерт тартууланат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Эл алдына республиканын 7 дубанынан келген 12 хор коллективинин, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Хор коллективинин концерттик программасы тартууланат.