«Быйыл үйлөнөлү дегенбиз, бирок маселе үйгө такалат экен» дейт ашыктар

Жаныбектин көзүнүн көрүүсү начар, Айдана басууда кыйналат. Экөө табышып, кыз-жигит катары мамиле кура баштаганына бир жыл болгонун айтышат. Маектин жүрүшүндө алар “бизди кийин кантип жашайсыңар дегендер болгон” дешет.

«Мен учурда айылда жашайм, Айдана айылда жашай албайт. Ата-энем Айданага айылда жашоо оор болуп каларын айтты. Бирок мен өз күчүм менен шаардан үй алам. Анан үйлөнөбүз дедим. Мен өзүмдү мүмкүнчүлүгүм чектелген дебейм, деген сайын чектеле бересиң»,- деди Жаныбек. 

Ал эми Айдана экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык 2 жаш экенин айтты. «Мен кичинекей болгон үчүн менин улуу экеним билинбейт»,- деди ал.

Экөө тең быйыл үйлөнүү планы болгондугу бирок, үй жок болгондуктан аны кийинкиге калтырууну чечкенин айтышты.