“Central Asia’s Got Talent” сынагына кастинг өтөт (видео)

Азиядагы таланттарга жол ачкан дүйнөлүк деңгээлдеги “Central Asia’s Got Talent” сынагына кастинг өтөт.

“Central Asia’s Got Talent” – бул Борбор Азиядагы таланттарга жол ачкан дүйнөлүк деңгээлдеги шоу. Долбоор Тажикстан, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстандын таланттарын бириктирип, бүткүл дүйнөгө белгилүү болууга мүмкүнчүлүк берет. Катышуучулар өз таланттарын каалаган жашта жана каалаган жанрда көрсөтө алышат.

Акробаттар, ырчылар, бийчилер, фокусчулар, менталисттер, күчтүү адамдар — булар «Central Asia’s Got Talent» сахнасында көрсөтүлгөн жанрлардын толук тизмеси эмес.

Кастинг 21 жана 22-ноябрда Жаш гвардия бульвары, 59 дарегинде — КТРКнын имаратында өтөт.