«Чал эмес, депутат эмес, түрк да эмес». Айнура Асанова жолдошун коомчулукка көрсөттү

Блогер Айнура Асанова жолдошун коомчулукка көрсөттү. Эки күн мурун экинчи ирет эне статусуна ээ болгон ал бүгүн төрөтканадан чыкты. Аны чыгаруу үчүн блогердин апасы, достору, уулу жана жолдошу барган. Андан соң үйүнө келгенден кийин тартылган видеону жүктөп, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

«Мырзаларым мени ушинтип тосуп алышты. Эми алар үчөө. Ооба, мен ханышамын. Мени үч мырза курчап турат. Жолдошуңду качан көрсөтөсүң дегендер, көрүндүк бергиле. Силер жазгандай чал эмес, депутат эмес, түрк дагы эмес. Кыргыздын санын көбөйтүп, ата-тегин улантууга салым кошуп жатканыма чексиз шүгүрлөр болсун», — деп жазган ал.

Айта кетсек, биз мындан бир нече күн мурун «Дүйнөдөгү эң сулуу айым» долбоорунун алкагында Айнура Асанова менен маек курганбыз. Анда блогер жолдошу 28 жылдан бери наристе күтүп жүргөнүн айткан.

Андан соң ырчынын ак өргөөсүндө конокто болуп, хайтек стилиндеги үйү менен таанышкан элек. Анда Айнура Асанова бул үйүн сатып алууга сиңдиси Гүлнур Асанованын салымы чоң болгонун айтып, жолдошунун эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалаган.