Тажикстандын кол салуусунан улам жылдырылган ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын концертинин датасы белгилүү болду

Тажикстандын кол салуусунан улам жылдырылган ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын концертинин датасы белгилүү болду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы өзү билдиргендей, концерт 8-ноябрда Бишкек шаарында, ал эми 10-ноябрда Ош шаарында болот.

Ырчынын Бишкек шаарындагы концерти 17-сентябрга белгиленген болчу. Бирок кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан улам концерт жылдырылган.