«Чекилик менден кетти». «Үч кемпир» тасмасынын режиссёру Баткен элинен кечирим сурады

Мындан үч күн мурда YouTube’да «Үч кемпир» деген аталыштагы фильм жарык көрүп, чыккандын эртеси коомчулуктун талкуусуна түштү. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары тасмадагы баш каармандын образына сын айтып, макул эместигин билдиришсе, дагы бир тобу туура маселе чагылдырылган деп баа беришүүдө. Аталган тасманын сценаристи, режиссёру жана баш каармандын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева менен маектештик.

«Баткен элинен кечирим сурайм. «Үч кемпир» тасмасында чекилик менден кетти. Мен эч кимди маскаралайын деген эмесмин. Бизден кеткен кемчилик Караматты өтө жүдөө, өтө кары кылып койгонубуз болду. Негизги идея артта калды дагы анын келбети алдыга чыгып кетти. Тасманы толук көрсөтпөй, кесип алып дезинформация кылып таратып ийип, элдин агымы ошол жакка кошулуп кетти»,- деди ал.