«Чёрный двор» Түштүк Кореяда эң мыкты сериал наамына көрсөтүлдү

Кыргыз режиссерлору жараткан «Чёрный двор» сериалы Түштүк Кореядагы Пусан шаарында өтүүчү фестивалда 2023-жылдын эң мыкты азия сериалы наамына көрсөтүлдү.

Анда 2000-жылдардын башындагы Бишкек, анда жашаган төрт өспүрүмдүн бандиттер тууралуу сериалдан шыктанып, чоң акчаны кыялдануусу сүрөттөлөт.