Чет өлкөгө көчүп кеткен Айпери Кубик кызы жашап жаткан үйүн көрсөттү (видео)

Ырчы Айпери Кубик кызы социалдык тармактагы баракчасына балдары менен чет өлкөгө убактылуу көчүп кеткенин жазган.  «Жүз уктасам түшүмө кирбеген жаңылык болуп кетти. Балдарым менен чогуу чет өлкөгө убактылуу көчүп кеттик. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу болду»,- деген ырчы айым кайсы өлкөгө барганын тактаган жок.

Ал соцтармактагы катталуучуларына үйүн көрсөттү. «Сүйүнчү. Жаңы конуш кут болсун. Эки күндөн бери көчүп, тазалап, кийим-кечелерди ырастап эми бүттүк. Жаңы конушубузда тиричилик башталды»,- деп жазды ал.