Чикагодо Манас айтылып, чүкө ойнолуп, бешик ыры ырдалды (сүрөт)

Чикаго шаарындагы Башкы консулдук жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз жарандарынын арасында «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Бул флешмоб «Манас» эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолгон.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль — Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Министрлер кабинетинин чечими менен 21-январдан 21-февралга чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.