Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бул дүйнөдөн өткөнүнө 3 айдан ашты. Сахнада жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс таланттын артында калган жубайы Элвира Жумалиева жолдошу менен таанышкан күндөн тартып анын өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин айтып, көзүнө жаш ала эскерди.
«Пландары көп болчу. Биринчи кезекте уулумду үйлөнтөм дечү. Ал «Ата, сиз жакшы болуңуз, сиз жакшы болоруңуз менен үйлөнөм» дечү. «Чоң үй салсам, жер үйгө көчсөк. Эки баламды тең бөлбөйм, чогуу жашайбыз» деп калчу. Мага эч нерсесинин кереги жок болчу, өзү аман болсо гана», — дейт жубайы.