Чуңкурчак жайлоосунда өтө турган иш-чаралардын программасы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын программасы:

10:00 – 10:20

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи

10:30 – 10:55

«Этно-базардын», «Кыргыз айылынын», «Ынтымак» республикалык кароо-сынагынын жана «улуттук спорт оюндарынын» ачылыш аземи

11:00 – 11:50

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи

11:50 – 12:20

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын концерттик программасы

12:20 – 12:50

Алыс аралыкка чабылган аттардын келиши

Байгелерди тапшыруу аземи

12:30 – 16:30

«Ынтымак» республикалык кароо-сынактары: «Кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы», «Күлазык», «Улуттук тамак- аштар», «Элдик кол өнөрчүлүк», «Көркөм сүрөт өнөрү» (кыргыз айылында улантылат)

12:30 – 17:00

«Салбуурун», «Күрөш», «Ордо», «Аркан тартыш», «Таяк тартыш» жана башка улуттук оюндар

12:30 – 13:15

К. Орозов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы

13:20 – 14:30

Ат оюндары: «Кыз куумай», «Эр эңиш», «Эр сайыш», «Тыйын эңмей», «Ат үстүндөгү шамдагай жигиттер»

14:30 – 16:30

«Ынтымак» республикалык кароо-сынактары: «Улуттук салттуу ырлар», “Улуттук ырлар”, «Улуттук кийим-кечелер»

15:00-16:00

«Ынтымак» республикалык кароо-сынагы: «Боз үйдү тез тигүү»

17:00 – 19:30

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын жабылышы. Гала концерт.