Чүй облустук драма театрынын директору алмашты. Жаңы жетекчинин өмүр баяны

Жумакадыр Курмангалиев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Аны эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.
Курмангалиев Жумакадыр Билалович 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган.
1983-жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин “Хор дирижеру”;
1992-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.
2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.