«Чыкпай жатып токтоду». «Ак салкын» тасмасы эми кинотеатрлардан көрсөтүлбөйт

Жакында эле бет ачары болгон «Ак салкын» тасмасы эми кинотеатрлардан көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу фильмдин режиссёру Эрнест Абдыжапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Тасма 29-апрелде чыгыш керек болчу. Монтажды марттын башында бүтүп, жарнамалоо үчүн убакыт кеңири эле. Бирок бизге апрелдин ортосунан тартып орозо башталса, кинотеатрга эл көп келбейт деп эскертишкен. Биз ошого ишенип, фильмди 25-март күнү чыгардык. Жарнама берүүгө жетишпей, анын үстүнө эки популярдуу тасманын ортосунда чыгарып алыптырбыз. Ката кылганыбызды моюндап жатабыз. Тасма чыкпай жатып коюлбай калды. Болбосо кино «Боз салкындан» кем эмес болчу. Буюрса күзүндө сөзсүз түрдө кайталап көрсөтөбүз», — деп жазган ал.

«Боз салкындын» уландысы делген «Ак салкын» тасмасынын бет ачары 25-мартта болгон. Фильмде ырчылар Бегиш менен Тамга баш каармандын ролун аткарган.

Төмөндө «Ак салкын» тасмасынын жабык көрсөтүүсүнөн репортаж.