Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык берилди

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыгы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кеткенден кийин ыйгарылды.

Аталган сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын чечими менен кабыл алынган. Бул эл аралык премияны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго тапшырды. Ал кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Өзбекстандын президенти жана өзбек элине түрк адабиятынын жана дүйнөлүк адабияттын, жалпы эле маданияттын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымын эске алуу менен көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовду кадыр-барктуу сыйлыкка көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров бул сыйлык чыгаан жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырыла турганын, Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейинде сакталып, ошону менен кийинки муун үчүн тарыхта орун аларын белгиледи.