“Чыпалак бала” жомок сериалынын бет ачары өттү

Кечээ, 1- ноябрда “Кыргыз сериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси тарабынан өспүрүмдөргө арналган “Жеңилбес Жетөө” долбоордун алкагында тартылган “Чыпалак бала” жомок сериалынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

“Чыпалак бала” жомок сериалында дүйнө элдеринин жомокторундагы таанымал каармандар кыргыз эл жомокторунун белгилүү каармандары менен аралашып, биргеликте кара күчтөр, залим хандар жана сараң байлар, адамзатка жакшылык каалабаган жез тумшук сыйкырчылар жана каракчылар менен күрөшөт. Жомокто жаратылышты сактоо, экологияга аяр мамиле кылуу жана жашоодо адам менен табияттын шайкештигин калыбына келтирүү аракетинде кызыктуу жана опурталдуу окуялар көрсөтүлөт.

“Кыргыз сериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин житекчиси драматург, режиссёр — Жеңишгүл Өзүбекова.