Comedy Club жабылат. Продюсер себебин айтты

Comedy Club шоу берүүсү жабылат, буга негизги актёрлордун кетиши себеп болду. Мындай пикирин продюсер Павел Рудченко NEWS.ru менен маек куруп жатып билдирди. 

Продюсер белгилегендей, биринчи курамдан Гарик Харламов менен Павел Воля гана калган. Анын айтымында, Гарик Мартиросян башка иш менен алектенип жүрөт, ал эми Семён Слепаков Орусиядан чыгып кеткен. Продюсер долбоордун кайра калыбына келүүсү күмөн экенин айтты. Анын айтымында, Comedy Club жабылгандан кийин ТНТ каналы жаңы юмордук долбоорду башташы мүмкүн.

Буга чейин «Газпром-Медиа» акыркы берүү 20-сентябрда көрсөтүлө турганын, андан соң шоу жабыларын билдирген. Программа биринчи жолу 2005-жылдын 23-апрелинде ТНТ каналында көрсөтүлгөн.