«Comedy Club шоу берүүсү жабылат» деген тамаша болуп чыкты

Comedy Club шоу берүүсү жабылат деген тамаша экенин басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда ТНТ телеканалында берүү көрсөтүлгөн. Соңунда алып баруучулар Гарик Харламов менен Павел Воля көрүүчүлөр менен коштошкон. 

«Урматтуу достор, бүгүн биз сиздерге абдан маанилүү жаңылыкты айтабыз. Comedy Club жабылып жатканын тастыктайбыз», — деди сахнадан Гарик Харламов.

«Кош бол, эски Comedy Club, салам Comedy Club’тын жаңы 20-сезону» деп кошумчалады Павел Воля.

Буга чейин «Газпром-Медиа» акыркы берүү 20-сентябрда көрсөтүлө турганын, андан соң шоу жабыларын билдирген. «Comedy Club шоу берүүсү жабылат, буга негизги актёрлордун кетиши себеп болду» деген продюсер Павел Рудченко.