D-Billions АКШга турне менен барат

D-Billions АКШга гастролдоп баратышат. Бул тууралуу 24-апрелде каналдын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору социалдык тармактагы аккаунтунда билдирди.

Бүгүн, 24-апрелде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери D-Billions тобун элчиликке АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушууга чакырган.