D Billions Казакстанда «Орто Азия жылдызы» номинациясын жеңди (видео)

D Billions Казакстандын «Кызык премиясында» «Орто Азия жылдызы» номинациясын жеңди. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү билдирип, видео менен бөлүшүштү.

«Кыргыз-казак бир тууган», — деп жазды алар.

D Billions дүйнөдөгү эң ийгиликтүү YouTube-каналдардын бири. Өткөн жылы ал Кыргызстанда 12 миллион катталуучусу бар болгону үчүн биринчи жолу бриллиант баскычын алган.