Ютубда балдар баса калып көргөн роликтеги Лялянын жигити анын колун сурады

«D Billions» YouTube каналынын музыкалык роликтеринин каарманы Лялянын жигити колун сурады. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялашты.

«Ал «ооба» деп жооп берди», — деп жазды Аско.

Лялянын өз аты — Дарина Векуа. «D Billions» дүйнөдөгү эң ийгиликтүү YouTube каналдардын бири. Өткөн жылы ал Кыргызстанда 12 миллион катталуучусу бар болгону үчүн биринчи жолу бриллиант баскычын алган.