Дагы бир казак сулуусу кыргыз дизайнеринин көйнөгүн сынакта кийип чыкты

Кечээ, 15-декабрда 21 жаштагы Сабина Идрисова «Miss Qazaqstan-2023» республикалык сынагынын жеңүүчүсү болду. Быйылкы жылы сынакка миңден ашуун кыз катышууга билдирме жөнөтүп, финалга 25 катышуучу чыккан.

Жеңүүчү кыз профессионалдуу түрдө балет менен алек болуп, «Астана балет» театрында бийлеп келген. Анын бою 175 сантиметр, параметрлери — 82-63-92.

Кыргыз дизайнери Арзубек Вонама социалдык тармагында көйнөктүн дизайнын иштеп чыгуудагы идеясын жазып өттү. «Биз башкы көйгөйлөрдү (от, суу, аба, жер) козгодук. Ал эми көйнөк отту чагылдырат», — деди ал.


Буга чейин Miss Universe сынагына катышкан Казакстандын 20 жаштагы сулуусу Томирис Заир улуттук костюмдарды көрсөтүүдө кыргыз дизайнери Арзубек Вонаманын көйнөгүн кийип чыккан болчу.