Дагы бир кош жылдыз. Султан Садыралиев жубайы менен дуэт жаздырды

Ырчы Султан Садыралиевдин келинчеги менен түтүн булатканына 12 жыл болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Келинчегим экөөбүздүн түтүн булатканыбызга быйыл 12 жыл болду. Акыркы 2 жылдан бери суранып атып дуэт ырдадык. Чыгарма чын жүрөктөн жазылды. Көп сынамай жок. Өзү уялчаак. Силерге жагат деген ойдомун»,— деп жазды ал.

Султан Садыралиев жубайы менен 2010-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр 1 кыз, 2 уулду тарбиялап келишет.