Дагы бир кыргызстандык «Голос» берүүсүнүн биринчи элегинен өттү

Дагы бир кыргызстандык Влад Зотов орусиялык «Голос» берүүсүнүн биринчи элегинен өттү. 27 жаштагы ырчы Бишкекте жашайт. Аткаруучу «Иван Купала» тобунун «Кострома» деген ырын ырдады.

Биринчи электен өткөн ырчы Полина Гагаринаны тандап алды.

Буга чейин Кыргызстандан аталган берүүгө Кайрат Примбердиев, Нуржигит Субанкулов, Александр Волкодав катышып келген. Анын ичинен Кайрат Примбердиев үчүнчү орун алып, эң мыкты көрсөткүч көрсөткөн болчу.