Дайыр Исмадияров: «Семиздиктин айынан тартылган клипти өчүргөнгө туура келген»

Ырчы Дайыр Исмадияров эмне себептен салмак таштаганын, “TikTok” социалдык тармагындагы “жашоосу”, андан тапкан каражат, дегеле акыркы жаңылыктарын айтып, маек курду.

«Ден соолук жакшы. 1 жыл диета деп жүрөм. 3-4 жыл аябай семирип кеткен экем. 1 жыл дегенде ушул жыйынтыкка жеттим. Туура тамактануусу жок эле ачка ашказанды өлтүрүп… Кичине ден соолук аксап калды. Кайра өзүмө келе баштадым, бирок арыктап алдым. Эл көзүндөгү адамга семиз болгон туура эмес. Болушунча аракет кылдым. Мен семиздиктин айынан клипти тартып, өчүрткөн күндөр болду», — деди ал.