Дайыр Исмадияров: «ТикТоктон тапкан 1,5 миң долларга ыр жаздырдым»

Ырчы Дайыр Исмадияров эмне себептен салмак таштаганын, “TikTok” социалдык тармагындагы “жашоосу”, андан тапкан каражат, дегеле акыркы жаңылыктарын айтып, маек курду.

«TikTok социалдык тармагындагы 160 миң катталуучусу бар баракчам жабылып калды. Башында мен көрчү да, кирчү да эмесмин. ТикТокто сени колдоп, фанат болушат, ката кетирсең, сени «жеп» коюшат. Ал жер казино сыяктуу. 1 ай күн-түнү менен эфирде отуруп калдым. Акча табууга да болот. Мен 1,5 миң долларды ТикТоктон чыгарып, ыр жаздырдым», — деди ал.