Дайыр Исмадияров үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттү жүктөп, талкууга жем таштады

Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен жараштыбы? Ал мурунку жубайы жана уулу менен бирге түшкөн сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, талкууга жем таштады.

Ырчы үчөө бирге түшкөн сүрөткө “Биз тойдо…” деген гана билдирүү калтырган. Ал эми катталуучулар “Экөө жарашты беле?”, “Азамат, үй-бүлөсү менен кайра жарашкан турбайбы” деген билдирүүлөрдү калтырышууда. Ал эми ырчы аларга эч кандай жооп бере элек.

Ырчы буга чейин социалдык тармактагы баракчасына үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, ал постко “Экөөбүздүн бирибиз “Бардык түгөй урушат, табышат. Кел, кайра башынан баштайлы” деп айтууга убакыт келди. Мен бул сунушту айттым. Азыр жооп күтүп жатам” деп жазган эле.