“Даңазалуу доор” тасмасынын уландысы тартылабы? Бул суроого Мерьем Узерли жооп берди

Актриса Мерьем Узерли Москва кинофестивалынын алкагында Орусиянын борборунда болуп, өзүнүн жаңылыктары менен бөлүштү. Көпчүлүк журналисттер андан Хюрремдин ролун кантип аткарып калгандыгы тууралуу жана “Даңазалуу доордун” уландысы тартылышы мүмкүнбү деген суроолорду узатышкан.

Анда актриса «Мен “Даңазалуу доордун” уландысы тартылат деген кепти эч уга элекмин. Тартылса да, таптакыр башка нерсе жөнүндө болушу мүмкүн. Анткени сюжет боюнча Сулайман да, Хюррем да каза болушкан. Уландысы тартылса да, алар тууралуу сөз болбосо керек”, — деген ал.