Данияр Эрматов: «Эрнист Сыдыков «студент кезде силер баккансыңар» деп айтат»

“Менде бир дос бар” рубрикасынын кезектеги коноктору 15 жылдан бери эгиз козудай жетелешип жүргөн ырчы Данияр Эрматов жана клипмейкер Эрнист Сыдыков. Маекте алар ортодогу кантип башталганы, жубайларынын ортосундагы мамиле, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк-таяк болорун айтып беришти.

«Биздин таанышканыбызга 15 жылдай болуп калды. Анда Кытайдын телефондору популярдуу болчу. Андан үндү өзгөртсө болот эле. Дагы бир дос балам номур терип, мага чалып берди. Көрсө ал, Эрнист экен. Ошол күнү бир жерде тартуу иштери бар экен. Дос балам чыгып тосуп алчы деп калды. Ошентип таанышып калганбыз. Таанышкан күндөн бери эле жакынбыз. 

Биз чыгармачылык боюнча көп сүйлөшчүбүз. Эрнист клип тарткысы келчү, мен ырдайм дечүмүн. Студент кезде дагы бир дос балам экөөбүз базарда иштечүбүз. Ал эми Эрнист азыр «ошондо силер баккансыңар» дейт. Ойлонсом ошондой экен», — деди Эрматов.