Данияр Эрматов: «Мен Эрнисттин 4-баласындай болчумун»

“Менде бир дос бар” рубрикасынын кезектеги коноктору 15 жылдан бери эгиз козудай жетелешип жүргөн ырчы Данияр Эрматов жана клипмейкер Эрнист Сыдыков. Маекте алар ортодогу кантип башталганы, жубайларынын ортосундагы мамиле, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк-таяк болорун айтып беришти.

«Данияр бойдок кезде мен ата болчумун. Балдарымды эркелетип жатсам, бул мени жаман көрчү. Азыр эми башына келип жатат» деген Эрнист Сыдыковго «Мен Эрнисттин 4-баласындай болчумун. Үйүндө эле жүрчүмүн» деп жооп кылды Данияр Эрматов.