Дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери эл аралык сынакта баш байгени жеңди (видео)

Ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери Казакстандын Алматы облусунда өткөн “Учкун” эл аралык сынагында баш байгени багындырды. Бул тууралуу ырчы мырза өзү билдирди.

“Ынтымак” тобу элдик ыр, терме, дастан айтуу боюнча Гран-при сыйлыгын алса, күү чертүү боюнча 1-орунду алган.

Аталган сынакка Азиз Батыров калыстар тобунун мүчөсү катары чакырылган.