«Депутаттардын баарын театрга алып келебиз». Кыргыз драма театрынын актёрлоруна Жогорку Кеңештин сыйлыгы тапшырылды

Кечээ, 31-майда Жалил Садыковдун «Төлгө» спектаклинин премьерасы болуп өттү. Премьерага Мирлан Самыйкожо, Жанар Акаев, Эмил Токтошев баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттары келип, чыгармачылык жамаатка Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырышты.

Сыйлык тапшылып бүткөн соң депутаттарга карата «Бүгүн 6 депутат келдиңер. Өзү 90 депутатсыңар да, ээ?» деген тамаша иретинде сөз айтылып, Жанар Акаев «калган 84 депутатты да сөзсүз алып келебиз» деп убада берди.