Ди-джей Лилия Абдыбаитова уулдуу болду

Ди-джей Лилия Абдыбаитова уулдуу болду. Аны менен байланышканыбызда, жагымдуу жаңылыгын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

“14-октябрь саат 17:40 чамасында көз жардым. Бир аз кыйналдым, бирок андай кыйынчылыктан ар бир эле эне өтөт да. Азыр Кудайга шүгүр, уулум экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Азырынча ысым тандай элекпиз. Төрөтканадан чыгарда атасы коёт” дейт ал.

Айта кетсек, Лилия Абдыбаитова өткөн жылдын июль айында Акылбек аттуу мырзага турмушка чыккан.