«Арноо концерти» берүүсүнүн диктору Бактыбек Мамытов көз жумду

Кыргыз маданиятына чоң салым кошкон инсан, калкыбыз сүйүп көргөн «Арноо концерти» куттуктоо берүүсүнүн алып баруучусу Бактыбек Мамытов көпкө созулган оорудан каза болду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кесиптештери тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Бактыбек Мамытов бүгүн, 20-майда 72 жашында көз жумду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги диктордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.