Димаш Кудайбергендин атасы «Жолуксак кандай жакшы» ырын аткарды (видео)

Дүйнөгө атагы чыккан казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин атасы Канат Айтбаев кыргыз ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы аткарган «Жолуксак кандай жакшы» ырын эс алуу учурунда дос-курдаштары менен ырдаган. Аталган видеону ал социалдык баракчасына жүктөгөн.

«Актөбедеги түнкү мелүүн, аба температурасы -21 градус. Ыр көңүлдү жылытат. Сөзү Гүлбүбү Байбугуева, обону Мамарасул Мавляновдуку. Кыргызстан» деп билдирүү калтырган Канат Айтбаев.  

Эске салсак, Гүлназ Чыныбек кызы аталган ырды казак тилине да которуп, аткарган.