Димаш Кудайбергендин күйөрмандары анын жаңы образын сынга алышты

Дүйнөгө таанылган казакстандык ырчы биринчи жолу сынга кабылды. Димаш Кудайберген сакалын өстүрүп, анын мурдагы имиджине көнүп калган күйөрмандарын капа кылды.

Ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына достору менен отурган видео киргизген. Андан Димаш Кудайбергенди табуу дээрлик мүмкүн эмес. 

“Менде галлюцинация болуп жатабы?”, “Сакал менен көрүү адаттан тыш”, “Бул сакал сулуулук кошпойт жана абдан кызыктай көрүнөт экен”, “Кырынууга убакыт келди”, “Димаш, сенин татынакай жүзүң бар, сакал жарашпайт экен» деп жазып жатышат. 

Ал эми айрым күйөрмандары аны социалдык тармактан көрүп жатканына да ыраазы экенин жазышууда.