Димаш Кудайберген Жеки Чан катышкан жаңы тасманын саундтрегин аткарды

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген белгилүү актёр Жеки Чан катышкан жаңы тасманын саундтрегин аткарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Жакында Жеки Чандын жаңы тасмасы жарыкка чыгат. Фильмдеги башкы чыгарманы мен аткардым” деп жазып, кинонун постерин жүктөгөн.

 

Маалым болгондой, Жеки Чан тартылган “Авангард” тасмасы 30-сентябрдан тартып көрүүчүлөргө тартууланат. Стэнли Тун режиссёрлук кылган фильмдин бет ачары Сингапурда орун алат.