Добр, Ильяз Абдразаков, Мэри Шакулина… Кайсы атактуулар балдарын 1-класска ээрчитип барышты?

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда Билим күнү белгиленди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кайсы атактуунун баласы мектеп босогосун аттаганын чогултуп чыкты.

Ильяз Абдразаковдун экинчи уулу мектеп босогосун аттады. Уулунун сүрөтү менен ырчынын жубайы соцтармактагы баракчасына бөлүштү.

Ырчы Сагынычтын кызы да мектеп босогосун аттады. «Кызым билим жолуң байсалдуу болсун», — деп жазды ал.

Ырчы Добрдын уулу Азирет атасы окуган №42 мектептин босогосун аттады. «Бүгүн, 1-сентябрь. Улуу балам Азирет мен окуган №42 орто мектепке 1-класска барды», — деп жазды ал.

Ырчы Мэри Шакулина да уулун мектепке жетелеп барды. «Ана-мына дегиче, көздү ачып жумгуча Амирим чоңоюп калыптыр. Балам кичинекейим, таттуум мектепке таштаган биринчи кадамың жарыкка, ийгиликке кут кылсын. Биз сыймыктанган жигиттерден бологой», — деп жазды ал.

Тамада Эрнис Бөрүбаевдин уулу Нурислам да мектепке барды. «Нурислам мектеп босогосун аттады», — деп жазып, сүрөт менен бөлүштү.

Ырчы Бегимай Асылбекованын кызы да мектеп босогосун аттады.

Кызын 1-класска жетелеп баргандардын арасында ырчы Ишен Назаров да бар.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин небереси Таир да бүгүн 1-класска барды. Алия Шагиева соцтармактагы баракчасына уулу Бишкектеги өзү окуган №29 гимназияга барганын жазды.

Ырчы Самат Муратбековдун кызы Жанэль да мектепке барды. «Убакыт учкан куш дегендей Жанэль кызыбыз билинбей эле чоңоюп, бүгүн мектеп эшигин аттады», — деп жазды ал.