Дөөлөт Сыдыков: «Бир баласы бар, жашы улуу деп Ырыска үйлөнөрүмө каршы болушкан»

Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жубайы Ырыс Окенова өткөн жылдын май айында өлкөдөн чыгып кетишкен. Алар учурда балдары менен Орусиянын Москва шаарында турушат. Биз Жаңы жыл алдында Сыдыковдордун үй-бүлөсү менен маектешип келдик.

«Мен Ырыска ашык болгом. Консерваторияда окуп жүргөм. Роза Аманова менен Ырыс берүү даярдап жүрүшүптүр. Анан студенттерди алып келишти. Ошондо биринчи жолу Ырысты көргөм. Ал берүүнү алып барып, биз бери жакта жүрөбүз. Ошондо«Ырыс Окенова деген ушулбу?» деп жанымдагылардан кызыгып сурагам», — деди ал.

«Мен Дөөлөттү монтажда көргөм. Ушундай манасчы барбы, ушундай сонун айтат экен дегем», — деди Окенова.

«Таанышып, сыртынан 2 жылга чейин байкап жүрдүм. Мамиле кура берсе болорун билип, кафеге чакырып, ыр арнап жүрдүм. Ырыс 1 жылдай макул болбой жүрдү», — деди Сыдыков.

«Эми жашыбызда айырмачылык болсо, уулум бар эле. Бирок уулума ата болорун айтты. Мен жумушума кирип кеткендиктен, андай пландар жок болчу. 1 жылдай артыман чуркап жүрдү», — деди Ырыс Окенова. 

«Досторуман каршы чыккандар болду. Колдогондор да болушту. Эң негизгиси сүйө аласыңбы, өзүңдүн оюң, каалооң болушу керек. Ошого жетиш керек», — деди Сыдыков.