«Дуба кылып коюуңуздарды суранам». Мирбек Иманбековдун жубайы анын катуу ооруп жатканын айтты

Бүгүн, 7-сентябрда ырчы Мирбек Иманбековдун жубайы анын катуу ооруп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып, мекендештерден дуба кылып коюуну суранды.

«Урматтуу мекендештер, биздин атабыз Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатат. Сиздерден суранам, дуба кылып коюңуздар», — деп жазды ал.