«Дүйнө айымы» аталган Айгерим Расул кызы Сочиден келди (видео)

Бүгүн, 25-сентябрда «Дүйнө айымы» аталган Айгерим Расул кызы Сочиден Бишкекке келди. Аны «Манас» аэропортунан жакындары, санаалаштары жана күйөрмандары тосуп алды.

Буга чейини эстрада ырчы айым «Дүйнө айымы» сынагынын жеңүүчүсү болгонун билдирген. «Ура! Жеңиш биздики. Аллахымдын каалоосу, элимдин батасы менен “LADY WORLD” сынагынан баш байгени утуп “Дүйнө айымы” аталдым», — деп жазган ырчы айым.

4-сентябрда Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышарын билдирген. Кийин сынакта өзүн тааныштыруу иретинде көрсөтүлгөн видеосун бөлүшкөн болчу.