Дүйнө жүзүн таң калтырып жаткан ырчы Бегимай Турусбековабы? Өзүнүн жообу

Социалдык тармактарда бетине бет кап менен дүйнө жүзүн таң калтырып жаткан ырчынын видеосу тарап жатат.

Видеодо бети жабылган ырчынын Whitney Houston’дун «I Have Nothing» ырын ырдап жатканын көрүүгө болот. Соцтармак колдонуучуларды көбү аны бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова экенин жазышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчынын өзү менен байланышканыбызда, бул видеодого анын тиешеси жок экени белгилүү болду. «Видеодогу мен эмесмин жана менин үнүм да эмес»,- деди ал.