Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жыл сайын Чолпон-Атада көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даяр

Бүгүн, 7-апрелде Тышкы иштер министрлигинде министр Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү.

Билал Эрдоган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түркия тарабынан 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат берди. Руслан Казакбаев Төртүнчү ДКОнун уюштуруу комитети тарабынан өз аймагында Биринчи, Экинчи жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, министр Казакбаев Оюндардын кыргыз элинин улуттук биримдигине тийгизген оң таасирин белгилөө менен бирге, аны башка өлкөлөргө бир жолку өткөрүп берүү практикасынын максатка ылайыктуулугун баса белгиледи. Көчмөндөр оюндарынын Кыргыз Республикасына ар 4-5 жылда кайтып келүү зарылдыгы билдирди. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы 2024-жылы Бешинчи көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнү жактады.

Мындан тышкары Билал Эрдоган Чолпон-Ата шаарында жыл сайын Конфедерациянын алкагында көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даярдыгын билдирди.