«Дүйнөнүн эч жеринен мындай табиятты көргөн эмесмин». Кыргызстанга келген блогерлер табиятка суктанып жатышат

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан алты популярдуу блогер келди. Эми алар бул жерде тасма тартууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

«Кыргызстанга келген коноктор борбордо жана шаардык чет жакаларында бир күн болгон соң, кыргыз элинин укмуштуудай меймандостугун жана ачыктыгын байкай алышты. БАЭден келген кинорежиссер Ахмед Сайфтын айтымында, ал көптөгөн өлкөлөрдү кыдырууга жетишкени менен дүйнөнүн эч бир жеринде мындай табиятты көргөн эмес. Дагы бир турист жана блогер Омар Хасан Кыргызстанды Грузия менен салыштырып, мындай тоолорду эч жерден көрбөгөнүн баса белгиледи»,- деп айтылат маалыматта. 

Блогерлер Кыргызстандагы алгачкы түндү Чуңкурчакта өткөрүшкөн. Алар боз үйдө жашап, жергиликтүү тамак-аштарды татып көрүшкөн.