Эч качан кеч эмес… Продюсер Канат Кадыржан ырчынын колун сурады

Продюсер Канат Кадыржан сүйүктүүсү Сезим Болотбекованын колун сурады. Бул тууралуу ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Келинчегим ырчы, Нарындын кызы. Чыгармачылык чөйрөсүндө жүрүп табышып калганбыз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Кыздуу болгонбуз. 23-ноябрда келинчегимдин туулган күнүндө чын дилимден колун сурадым. Колун көңүлдөгүдөй сурагандын убагын күтүп жүргөм, ошол күн эми келди», — деди ал.