Эки айдан бери таарынышып жүргөн Райкан Абдувалиева менен Ырыс Жоомартова элдешти

Буга чейин таарынышып жүргөн ырчы Райкан Абдувалиева менен режиссёр Ырыс Жоомартова элдешти. Маалыматты Ырыс Жоомартова ырастады.

Райкан экөөбүз эки айдан ашык убакыттан бери таарынышып, сүйлөшпөй жүрдүк. Ортобузда уруш-талаш, ушак-айың же жаман сөз болгон жок. Болгону чогуу иштөө үчүн бизнес баштаганбыз. Бирок иш баштала электе эле достукту сактап калууну көздөдүм. Ортодо акча бар жерде достук жоголуп кетпесин дедим. Тууган-урук, жоро-жолдош менен чогуу бизнес кылуу туура эмес экен, мамиле бузулат экен. Достугубуз сакталып калганы баарыбызды кубантты”, — дейт ал.