Экологиялык маселелерди көтөргөн “Ак илбирс” спектаклинин бет ачары өтөт

7-апрель күнү саат 17:00дө Кыргыз драма театрында жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун “Ак илбирс” чыгармасынын негизинде, Жамал Сейдакматова атындагы «Тунгуч» жаштар драма театры даярдаган “Ак илбирс” спектаклинин бет ачары өтөт.

Ошондой эле спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат. Спектаклдин режиссёру — Гаухар Ажигулова.

“Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бара жаткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт. Максаты — калктын экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнө экологиялык саясатты жакшыртууга көмөк көрсөтүү, Кызыл китепке кирген жаратылышты жана жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүүнү көздөйт.

Спектакль президенттин колдоосу менен коюлат. Белгилесек, Кыргызстанда 330 ак илбирс бар.