«Экөөң качан келесиң?» деген суроолордон улам бириктик» дейт Кудайбергенов менен Курбаналиев

Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев бир кезде чогуу иштешпей калган эле. Ийгиликтүү тандемдин тыныгуусуна эмне себеп болду? Бул тууралуу куудулдар айтып беришти.

«Борончу экөөбүз 5 жылдай эки башка жакта иштеп калдык. Кайсы жерге барбасак деле «экөөң качан келесиң?» деген суроолор көп болду. Сүйлөшүп калсак ал да ушундай суроо бериле берерин айтты. «Жакшы концерт берет окшойбуз» деди. Анан макул болуп, ошонун үстүндө иштешип жатабыз», — деди Тынар Курбаналиев. 

«Негизи жазында баштайлы дегенбиз. Карасаң кышында деле кекиликтер уча баштаптыр. Анан дайындай баштадык. Программа даяр болуп калды. Мен да акыркы убакта өкмөт ишине кирип кеткем. Кайсы жерге барсак эле суроолорду беришет. Биздин өзүбүздүн көрүүчүлөр бар», — деди Кудайбергенов.